Кыргызстан Бажы союзунун аймагы боюнча баңги каражаттарын алып өтүү тартиби жөнүндө макулдашууга кошулду
Мыйзамга ылайык, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине депозитарий болуп саналган Евразия экономикалык комиссиясына кошулуу жөнүндө грамотаны белгиленген тартипте депонирлөө милдети жүктөлдү.
Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге Кыргызстандын кошулуусу жөнүндө келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 29-майында Астана шаарында Евразиялык экономикалык биримдик түзүү жөнүндө келишимге кол коюлган. Ал келишимге Кыргызстанды кошуу тууралуу документке 2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлду. Келишим быйыл, 2015-жылдын май айында күчүнө кирет, демек, жогорудагы мыйзам аталган келишим иштеп баштаары менен күчүнө кирет.


