super.kg logo
  Саясат  

Таштандыларды урналарга салбай көчөнү булгаган жарандарга айып пулду көтөрүү сунушталууда

 

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети 19-январда "КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун жактырды. Долбоордо таштандыларды урналарга таштабай көчөнү булгаган жарандарга айып пулду көтөрүү сунушталууда. Айып пулдун көлөмүн кызмат адамдарына эки эсе жогорулатуу жагы каралганы айтылды. 

Депутат Сайдулла Нышанов айып пулдан түшкөн каражаттын 50 пайызын айып пул салып жаткан органга, 50 пайызын республикалык бюджетке берүүнү сунуштады. Башка депутаттар түшкөн айып пулду айыл өкмөттөрүнө берүү керектигин, мыйзамды аткарууда жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги чоң экенин айтышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: