super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "Мыйзамсыз үй курулган жерлерге мунапыс жарыялап, аларды мыйзамдаштыруу керек"

 

"Кыргызстан боюнча 52 миңдей мыйзамсыз курулду деген турак жай болсо, Бишкек шаарынын айланасында 6 миңден ашык документсиз үй бар. Документи жок жарандар балдарын мектепте окута албайт же бала бакчага бере албайт. Бул көйгөйдү мыйзам жолунда чечип, чекит койбосок болбойт",- дейт депутат Өмүрбек Текебаев

Депутат муну 19-январда Бишкек шаарындагы Мамлекеттик тарых музейинде өткөн Үй куруучулар коомдук бирикмесинин кезексиз курултайында билдирди. Алдын ала пландалгандай, жаңы конуштарда 60 мектеп курула турган болсо, учурда болгону 20 мектеп, 7 бала бакча салынганы айтылды. 

Текебаев депутаттар тарабынан "2012-жылдын 3-августуна чейин өзүм билемдик менен курулган жеке үйлөр курулган жер тилкелерин легалдаштыруу жөнүндө" мыйзам долбоору иштелип чыкканын билдирди. "Тилекке каршы, бул мыйзам долбооруна каршы чыккандар да бар. Эркинен ажыратылган кылмышкерлерге карата маал-маалы менен мунапыс жарыялап келебиз. Мыйзамсыз үй салынган жер тилкелерине деле бир жолу мунапыс жарыялап, аларды мыйзамдаштырып коюуга эмне үчүн болбосун?"- дейт депутат.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: