super.kg logo

Бишкектин мэри: "Бөлүмдөрдүн жетекчилеринин демилге көтөрбөгөнү өкүндүрөт"

 

"Бөлүмдөрдүн жетекчилери тарабынан демилгелердин көтөрүлбөгөнү өкүндүрөт",- деди Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов. Мындай пикирин ал бүгүн, 19-январда "Фейсбуктагы" баракчасында жарыялады.

Анын айтымында, өткөн аптанын соңунда ал Шаардык транспорт башкармалыгы менен жыйын өткөргөн. "Буга чейин коомдук транспорттун маршруттарын оптимизациялоо маселеси коюлган. Тилекке каршы, бул башкармалык кайдыгер мамиле жасаган жана алардын сунушунан эч кандай жаңылык байкаган жокмун. Тилекке каршы, бөлүмдөрдүн жетекчилери демилге көтөрбөгөнүнө көп туш болом. Айрым учурларда эч кимге эч нерсенин кереги жок экен деген ойлор пайда болот",- дейт мэр.

Бирок буга карабастан, К.Кулматов коомчулукта коомдук транспорт боюнча жаңы идеялар бар экенине ишенгенин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.01.2015. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ, Кубанычбек мырза, бөлүм башчыларыңыз өз ишин эптей албай атса, демилге кайдан болсун! Мен бир жолу "Комфорт" магазинин айланасындагы талаш жер боюнча сот ишине катышып, сиздин бөлүм башчылардын кандай иштээрине күбө болгом. Алар соттун жөп-жөнөкөй суроолоруна жооп бере албай, сот кийинкиге жылдырылган. А сиз демилгени айтасыз...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: