Башкы прокурор Аида Салянованын эмгек өргүүсү аяктай элек
Башкы прокурор Аида Салянованын эмгек өргүүсү аяктай элек, анын милдетин башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмаматов аткарууда. Мекемеден SUPER.KG`ге билдиришкендей, башкы прокурор 23-декабрдан бери эмгек өргүүсүндө.
Автор: Автандил Добулбеков
Эскерте кетсек, былтыр декабрдын аягында башкы прокурордун отставкага кетүүгө арыз жазганы тууралуу маалымат тарап, бирок Башкы прокуратурадан "Аида Салянова кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты" деп билдиришкен эле. 27-декабрдагы жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев да анын кызматтан кетпегенин билдирген. "Башкы прокурорду да туура түшүнүү керек, чарчады. Эмгек өргүүсүнө чыгууга суранды, мен уруксат бердим",- деген өлкө башчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















