super.kg logo

Абдырахман Маматалиев европалык комиссияны Кыргызстандагы адам укуктарын коргоонун абалы менен тааныштырды

 

Бүгүн, 19-январда Швейцариянын Женева шаарында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Адам укуктары боюнча комиссиянын тиешелүү жумушчу тобунун 21-сессиясында  Адам укуктары боюнча Кыргыз Республикасынын II улуттук баяндамасын окуп берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, вице-премьер-министр "Кыргызстан 2010-жылдын апрелинен тарта кардиналдуу демократиялык өзгөрүүлөрдү көздөй өнүгө баштаган" деп баяндамасын окуп баштады. “Менин өлкөм адам укуктарын коргоого умтулгандыгын далилдеп келет. Коомду демократизациялоо жана адам укуктарын коргоо өлкөбүздүн улуттук саясатынын негизги милдети болуп саналат. Борбор Азияда Кыргызстан парламенттик демократияны өнүктүрүүгө жана парламентаризмди курууга багыт алган биринчи мамлекет. Акыркы эки жылдын ичинде өлкөдө адам укуктарын жана мыйзамдын үстөмдүгүн сактоо боюнча иш-аракеттер күчөтүлгөн”,- деди Маматалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: