super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү кирди

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 17-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамда жаратылыш ресурстарын пайдалангандыгы, айлана-чөйрөнү булгагандыгы жана жаратылышка тийгизген башка терс таасирлери үчүн төлөмдөрдүн ставкалары жана ченемдери, аларды өндүрүп алуунун жана пайдалануунун тартиби Кыргызстандын өкмөтү тарабынан белгиленери каралат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 6 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ушул документ күчүнө киргенден тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылат:

- "Айлана-чөйрөнү булгагандыгы (булгоочу заттарды чыгаргандык, агызгандык, калдыктарды жайгаштыргандык) үчүн акынын ставкасы жөнүндө" КРнын 2002-жылдын 10-мартындагы №32-мыйзамы;

- "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө" КРнын 2008-жылдын 11-августундагы №200-мыйзамы.

Кыргыз Республикасынын өкмөтү мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч айлык мөөнөттө:

- Ушул мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрүүгө;

- Өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын ушул мыйзамга ылайык келтирүүгө тийиш.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: