super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын Эмгек кодексин өзгөртүү зарылдыгын айтты

 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 19-январда эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкуловду кабыл алып, тараптар аталган министрликтин 2014-жылкы ишинин жыйынтыгын жана 2015-жылкы пландарын талкуулашты. Министрликтин негизги милдеттеринин бири өлкөдө жаңы иш орундарын түзүү экени белгиленди.  

"Кыргызстанда былтыр 160 миңдей ымыркай төрөлгөн, жыл сайын 150 миң жаран жумушчу күчтөр армиясын толуктап жатат. Ошондуктан жаңы жумуш орундарын түзүү министрликтин гана эмес, бүтүндөй өкмөттүн негизги милдеттеринин бири. Бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун табуу керек",- деди Оторбаев. 

Премьер өлкөнүн Эмгек кодекси заман талабына жооп бербей калганына, документке өзгөртүү киргизүү керектигине токтолду. "Азыркы иштеп жаткан Эмгек кодексине ылайык, эмгек мыйзамдуулугун бузган же иштен айдалган кызматкерлер сот аркылуу кайра иштерине орношууда. Мындай көйгөй мамлекеттик органдарда гана эмес, жеке тармакта да кездешүүдө. Эгер жумушчу Эмгек кодекси боюнча ишке алынып, бирок өзүнүн милдеттерин алып кете албаса, анда аны иштен кетирүү дээрлик мүмкүн эмес. Ошондуктан ишкерлер жумушчуларды бейформал түрдө ишке алууга ыкташат",- деп кошумчалады өкмөт жетекчиси. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: