super.kg logo
  Саясат  

2015-жылы Соцфонддун бюджетинин киреше бөлүгү 40 миллиард 449 миллион сомго чейин көбөйөт

 
Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин 19-январдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жылга бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды. Соцфонддун берген маалыматына таянсак, 2015-жылдын бюджет долбоорунун киреше бөлүгүндө 40 миллиард 449 миллион сом, 2016-жылы 42 миллиард 324 миллион сом, 2017-жылы 45 миллиард 641 миллион сом өлчөмүндө каражат каралууда. Андан сырткары 2015-жылдын октябрь айында пенсия өлчөмү жогорулап, орточо пенсия көлөмү 4728 сомду түзө турганы белгилүү болду. Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2014-жылы 575 миң пенсионер болсо, быйыл алардын саны 608 миңге жетет. Алардын ичинен 102 миңи ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: