Тийиштүү комитет чек ара маселелеринде Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөр менен кызматташуу тууралуу макулдашуу долбоорун жактырды
Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитети 19-январдагы жыйынында чек ара маселелери боюнча Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөр менен кызматташуу тууралуу макулдашуу долбоорун жактырды. Долбоор боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаев баяндама жасап, депутаттардын суроолоруна жооп берди. Макулдашуунун алкагында чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо, террористтик, экстремисттик жана сепаратисттик уюмдардын өкүлдөрүнүн ШКУга мүчө өлкөлөрдүн аймагынан өтчү каналдарын жабуу жагы каралган.
Жыйында депутат Исмаил Исаков макулдашууга "ШКУнун алкагында маданий жана спорттук делегациялардын тажрыйба алмашуусу" деген берене кошууну сунуштады. Сунушту комитет мүчөлөрү колдоого алышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

