Темир Сариев валюта алмаштыруучу жайлардын жабылышына каршы



Экономика министри Темир Сариев валюта алмаштыруучу түйүндөрдү жабуу боюнча Улуттук банктын демилгесине каршы. Бул пикирин ал бүгүн, 20-январда коомдук угуунун жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, акча алмаштыруучу жайларды жабуу - иш жүргүзүүнү жөнгө салуунун эң акыркы кадамы. "Валюталык операцияларды жөнгө салуу үчүн керектүү чараларды колдонууга Улуттук банктын ыйгарым укуктары бар. Кыргызстан нефть, газга бай эмес. Жеке ишкерлер үчүн негизги ыңгайлуу шарт - либералдык мыйзам. Каржы рыногу сезимтал жана назик болот. Эч кандай дүрбөлөң болбош керек. Мындан улам акча алмаштыруучу түйүндөрдүн спекулятивдик иш-аракеттерин катуу көзөмөлдөөсүн колдойбуз",- деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

