Бишкекте “Какидзоме” япон каллиграфиясы үйрөтүлөт



24-январда Бишкекте “Какидзоме” япон каллиграфиясын үйрөтүү боюнча кыска мөөнөттүү окутуу курсу башталат. Кыргыз-япон адамды өнүктүрүү борборунан билдиришкендей, иш-чаранын максаты - кыргызстандыктарды япон каллиграфиясы менен тааныштыруу.
Маалым болгондой, “Какидзоме” – бул жаңы жылдагы биринчи каллиграфия жазуусу. 2-январда өткөрүлгөн иш-чарада бул күнү япондор салттуу түрдө чиркөөлөрдө чогулушуп, ыйык булактан алынган суунун тамчысы менен кара боёкту аралаштырып, жаңы жылдык каалоо-тилектерин барактарга жазышат.
Ошондой эле Японияда окуучулар кышкы каникулда “Какидзоме” жазып келүүгө үй тапшырма алышат. Каллиграфиялык куттуктоолор 14-февралда Сагичеу фестивалында өрттөлөт. Эгер кимдин өрттөлгөн катынын күлү өйдөрөөк көтөрүлсө, ал каллиграфия искусствосунда тажрыйбалуу болот деген ишеним бар. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.