Жоомарт Оторбаев: "Аида Саляновадай кадрды жоготуп алууга болбойт"
Бишкекте бүгүн, 20-январда маалымат жыйын өткөргөн премьер-министр Жоомарт Оторбаев башкы прокурор Аида Салянованын отставкага кетүүгө арыз жазганы тууралуу маалыматка пикирин билдирди. Аида Салянованын ордунда калышы туура деп эсептейт өкмөт башчы. "Отставкага кетүүлөр болуп эле жатат, башкы прокурордун отставкага кетиши трагедиялуу нерсе эмес. Бул боюнча Аида Жеңишбековнанын өзү жооп бергени туура, анткени Башкы прокуратура өкмөттүн курамына кирбейт. Жеке менин оюмда, анын кызматта калганы туура. Ага карата коомчулукта урматтоо жогору. Албетте, мындай адамды жоготуп алууга болбойт",- деди Оторбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

