super.kg logo
  Саясат  

Ички иштер министрлиги 3 жыл ичинде жумуштан мыйзамсыз бошотулган кызматкерлерине 17 миллион сом төлөп берген

 

Ички иштер министрлиги 2012-жылдан 2014-жылдын декабрь айына чейин жумуштан мыйзамсыз бошотулган кызматкерлерине 17 миллион сом төлөп берген. Муну аталган мекеменин өкүлү, Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика комитетинин 20-январдагы отурумунда билдирди. Министрликтин өкүлү 3 жыл ичинде 100гө чукул кызматкер жумуштан мыйзамсыз бошотулганын айтты. Жыйында мамлекеттик органдар тарабынан “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 41-беренесинин аткарылышы талкууланып жатат. Мыйзамга ылайык, мамлекет жумуштан мыйзамсыз бошотулган кызматкерлерге тийиштүү деңгээлде акы төлөп берүүгө милдеттүү. Депутаттар аталган мыйзам күчүнө киргенине 3 жыл болгону менен, Ички иштер министрлигинен башка органдарда ишке ашпай жатканына нааразы болушту. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: