super.kg logo
  Саясат  

Депутат Надира Нарматова "сүйлөөгө кенен убакыт бербейт" деп кесиптеши Айнуру Алтыбаевага нааразы

 

Депутат Надира Нарматова Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика комитетинин төрайымы Айнуру Алтыбаевага нааразы. Нарматова өзүнүн нааразычылыгын комитеттин 20-январдагы жыйынында айтты. “Сиз өзүңүздү “комитет төрайымымын” деп бизден бийик сезбеңиз. Биздин сөзүбүздү бөлбөй, оюбузду толук айтууга уруксат беришиңиз керек. Буга чейин да оюбузду бөлүп, өзүңүз гана сүйлөп келгенсиз, бүгүн да ушинтип жатасыз, токтотуңуз. Кенен сүйлөөгө парламенттин жалпы жыйынынан мүмкүнчүлүк берилбейт, комитетте да. Анда биз оюбузду кайда барып айтышыбыз керек?”- дейт Нарматова.

Алтыбаева кесиптешинин айыптоосун четке какты. “Биз бири-бирибизди сыйлап, убакыт беришибиз керек, бирок жалгыз эле сиз сүйлөп жатпайсызбы. Мен сиздин айткандарыңызга кошулбайм”,- деди Алтыбаева.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: