Назарали Арипов "депутатты керектүү учурда колдонуп, керексиз учурда садага чаап салуу туура эмес" дейт
"Республика" фракциясынын депутаты Элмурат Обдуновду мандатынан ажыратуу боюнча фракциянын чечими мыйзамсыз". Муну депутат Назарали Арипов Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика комитетинин 20-январдагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, фракция 7-8 гана депутаттын катышуусу менен чечим кабыл алып койгон.
“Депутатты керектүү учурда колдонуп, керексиз учурда садага чаап салуу туура эмес. Анын үстүнө чечим мыйзамсыз кабыл алынган. Фракциянын 2 жылдан бери жыйынга катышпай келген депутаттары бар, мен да жарым жылдан бери жыйынга катышпайм”,- деди Арипов.
Фракция жыйындарына Обдунов ооруп жаткандыгына байланыштуу келе албай калганы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

