"Отставкага кетүүгө арыз жазган жокмун" деди Жоомарт Оторбаев
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 2015-жылы өтүүчү парламенттик шайлоого катышары же катышпасы тууралуу чечим чыгара элек. Муну өкмөт жетекчиси 20-январда журналисттер менен жолугушууда билдирди. Өзүнүн саясатка аралашуусун Оторбаев төмөнкүчө түшүндүрдү:
"Өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымымды кошоюн деп саясатка келдим. Ушуга таянып чечим кабыл алам, азыр биздин башкы максат - демократияны өнүктүрүү",- деди премьер.
Өкмөт башчы кызматтан кетүүгө арыз жазбаганын да айтып: "Айрым маалыматтарда айтылгандай, мен отставкага кетүүгө арыз жазган эмесмин. Өкмөттүн кандай иштеп жатканына эл өз баасын берет",- деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

