super.kg logo
  Саясат  

Депутат Элмурат Обдунов микроинсультка кабылып, ооруканада жатканы айтылды

 
Депутат Элмурат Обдунов "Республика" фракциясынын жыйынына 30 жолу себепсиз катышкан эмес. Муну депутат Роза Акназарова Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика комитетинин 20-январдагы отурумунда айтты. Жыйында Обдуновду мандатынан ажыратуу боюнча "Республика" фракциясынын чечими каралууда. Акназарова буларды кошумчалады: "Эл өкүлү болуп шайлангандан кийин мыйзам чегинде иш алып баруусу керек. Жыйындарга катышпай жатканы үчүн ушундай чечимге келдик"
Бирок буга депутат Бөдөш Мамырова макул эмес. "Мен Обдуновдун бир ай мурун эле парламент жыйынында добуш берүүгө катышканын көргөм. Силер "көргөн жокпуз" деп эле чечим кабыл ала берсеңер депутаттар калбай калат. Жакшылап текшергиле, стенограмманы көтөрүп чыгыңыздар",- деди Мамырова. 
Обдунов микроинсульт дартына чалдыгып, бир айдан бери Араван районунда ооруканада жатканын депутат Назарали Арипов билдирди. Анын билдиришинче, депутаттын абалы оор. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: