super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитет "депутат менен ардактуу консул кызматтарын айкалыштырып иштөөгө болбойт" деген чечимге келди

 
Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин 20-январдагы жыйынында депутат Игорь Гусаровдун чет мамлекеттин ардактуу консулу кызмат ордун Жогорку Кеңештин депутатынын кызмат орду менен айкалыштыруу жөнүндөгү кайрылуусу каралып, талкуу жыйынтыгында "депутат менен ардактуу консул кызматтарын айкалыштырып иштөөгө болбойт" деген чечимге келди. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бир эле мезгилде депутат менен ардактуу консул кызматтарын айкалыштырып иштөө эл аралык Вена конвециясынын талаптарына да, “КР Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө” жана бир катар улуттук мыйзамдардын жоболоруна да каршы келерин билдирди. .

“Депутат эле эмес, дегеле мамлекеттик кызмат адамы чет өлкөнүн кызыкчылыгын көздөгөн кызматтарда иштей албайт. Ал эми депутат мамлекеттик жогорку саясий кызмат адамы болуп саналат. Депутат мамлекеттик жашыруун документтер менен иш алып барат. Ал өз иш-милдетине чет мамлекеттин ардактуу консулу кызматын айкалыштырса, анда кызыкчылыктардын кагылышуусу болбой койбойт”,- дейт Абдылдаев.

Гусаров комитеттин чечимине макул болду. Ал буга чейин Словакиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу кызматын айкалыштырып иштеп келген. Тышкы иштер министрлиги буга чейин депутатка эки кызматты айкалыштырууга болбой турганын алдын ала билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: