super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин комитети өлкөдө алимент фондун түзүү демилгесин четке какты

 

Бүгүн, 20-январда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети өлкөдө алимент фондун түзүү жөнүндө мыйзам долбоорун четке какты. Демилге алимент төлөөчүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүү жана кирешесин жашыргандардын киреше булагын ачыкка чыгарууга жана алимент фондун түзүүгө багытталганы буга чейин айтылган эле. Депутат Абдыманап Кутушев сунушка өкмөттүн каршы пикири келгенин билдирди. “Сунуш биздин комитетке 4-жолу киргизилип жатат. Бирок демилгечи депутат Ыргал Кадыралиева макулдугун берип коюп, өзү келбей жатат. Ал эми өкмөттүн каршы корутундусу келди. Анда каржы булактары аныкталбагандыгы, Эмгек кодексине карама-каршы келери жана бюджеттен сырткары фонд түзүүгө тыюу салынары белгиленген. Ошондой эле бул сунуш кабыл алынса, көп балалуу алимент төлөөчүлөргө социалдык оорчулук жаратат”,- деди Кутушев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: