super.kg logo

Кыргызстанда Алымбек датканын 215 жылдыгы белгиленет

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 31-декабрында кабыл алынган токтомуна ылайык, КРнын Өкмөтүнө Алымбек датка Асан бий уулунун 215 жылдык мааракесин 2015-жылы өткөрүлө турган иш-чаралардын тизмегине киргизүү тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин "Алымбек датка Асан бий уулунун 215 жылдык мааракеси жөнүндө" токтому анын кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына кошкон салымы эске алынуу менен, тарыхый эс тутумду сактоо жана кыргыз элинин чыгаан уулу Алымбек датканын ысымын кийинки урпактардын эсинде калтыруу максатында кабыл алынган.

Ошондой эле өкмөткө мамлекеттик комиссия түзүп, маараке боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана өткөрүү, 2015-жылдын республикалык бюджетинен каржылык каражат кароо тапшырмалары да берилди.

Иш-чаралардын алкагында Алымбек датканын өрнөктүү өмүр жолуна арналган телекөрсөтүүлөр менен радиоуктуруулар уюштурулуп, жалпыга маалымдоо каражаттарында материалдар жарыяланмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: