super.kg logo

Борбордо энелер жаш балдарды зордуктоого каршы Ак үйдүн алдында акцияга чыгышты

 
Акциянын катышуучусу Калима Керимкулова.
Акциянын уюштуруучусу, активист Мээрим Усупова.
"Кордолгон 2 жаштагы Ибрагимдин сүрөтүн көрсөм эле көз жашымды тыя албайм. Арабызда жаш балдарды кордогон ташбоор адамдар да бар", дейт акциянын уюштуруучусу Мээрим Усупова.
"Адамдардан ыйман кетти. А бирок, жаш балдардын кордолушуна ата-энелер күнөлүү. Себеби көп учурда ала балдарын ар кимге таштап кетип калышат", дейт пенсионер Фатима Усубалиева.
Иш-чара жыйынтыкталган соң, анын катышуучулары өз жолдоруна түштү.

Өлкөдө акыркы мезгилде жаш балдарды зордуктоо фактылары көп катталып жатканына байланыштуу педофилияга каршы митинг болуп өттү. Аталган акция Ак үйдүн алдында 10 чакты эненин катышуусунда өттү. 

Акциянын катышуучуларынын айтымында, өлкөдө жаш балдарды зордуктагандарга жазаны күчөтүү зарыл. Эгер аларга болгон жаза бүгүнкү күндөгүдөй кала берсе, жаш балдарга карата зордук-зомбулук токтобойт.

Менин 2 жаштагы уулум бар. Ибрагимге байланыштуу окуяны угуп алып жүрөгүм ооруду, катуу ойлондум. Анын ордунда менин балам да, башкалардын баласы да болуп калышы мүмкүн. Ошол себептен бул акцияны уюштурууну туура көрдүм. Биздин өлкөбүздө жаш балдарды зордуктагандарга жазаны күчөтмөйүн мындай кылмыштар улана берет. Мындай берене менен түшкөндөрдү өмүр бою эркинен ажыратуу керек”,- дейт акциянын уюштуруучусу, активист Мээрим Усупова.

Акциянын катышуучусунун айтымында, жаш балдарды зордуктагандарды эркектик касиетинен ажыратуу керек.

“Борбордо 2 жаштагы баланын катуу сабалып, зордукталганы жүрөгүмдүн үшүн алды. Мен ал окуя тууралуу сыналгы, интернет аркылуу окуп жаттым. Өзүмдүн да 2 жаштагы неберем бар, анын келечегин ойлоп кабатыр болдум. Менимче, жаш балдарды зордуктагандарды түрмөгө отургузуп, ак шейшепке жаткырбай эле, эркектик касиетинен ажыратып салыш керек. Андан кийин андай сөрөйлөрдү аянтка алып чыгып, элдик сотко коюу керек. Мисалы, илгери ушундай эле кылышчу. Уят иштерди жасагандарды “баланчанын уруусунан чыккан” деп уяткарып, элдик сотко салчу. Балким, ошондон улам ал учурда жаш балдарды зордуктоо деген нерсе жок болчу”,- дейт акциянын катышуучусу Калима Керимкулова.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
20.01.2015. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен колдойм эл сиздер менее жазаны каттуу коюшунуздарды отунуп суранам
20.01.2015. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздар зордолсо мейлиби? Эмнеге аларды кошпойсуңар?
20.01.2015. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
колдойм 1000000%.педофилдерди таш баранга алып, тируулой комуш керек!!!
20.01.2015. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын намысына доо кетирген мындай айбандарды аесуз жазалоо керек.Анан дагы Кыргызстанда аялы туруп башка аялга никесиз уйлонгондорду жана озунун баласындай балдарды азгырып тийип алган аялдарды да аесуз жазадоо керек аларды мыйзам жазалабаса эл жазалаш керек.Бул деген Кыргыз деген аттын жок болуп кетишинен сактайт.
21.01.2015. 06:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул маселени терен карашса болмок чондорубуз,эн туура акция мен 100%колдойм.
21.01.2015. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да колдойм!
21.01.2015. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оа менда колдойм,менинда журогум ооруп журот,моладец Мээрим Усупова
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: