Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Аида Салянованы кызматтан бошотуу боюнча Жогорку Кеңешке кайрылды

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Аида Салянованы берген арызына ылайык ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу үчүн Жогорку Кеңешке кайрылды. Президенттин сунушун 20-январда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети карап, макулдук берди. Президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаевдин билдиришинче, А.Салянова президентке өз арызы менен 19-январда кайрылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

