super.kg logo

Өткөн суткада өлкөдө 17 жол кырсыгы катталып, Биринчи Май районунун 2 кызматкери каза болду

 
Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 17 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда SUPER.KG порталына КРнын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди. 
Маалыматка ылайык, катталган 17 жол кырсыгынын кесепетинен 6 адам каза болуп, 27 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Балыкчы-Каракол унаа жолунда Кара-Талаа айылына жетпей жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин 2 кызматкери каза болуп, 4 жүргүнчү ар түрдүү жаракаттарды алып Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген. Алдын ала маалыматтарга ылайык, 

Тойота Эстима үлгүсүндөгү унааны айдап бара жаткан 39 жаштагы Р.Сыдыков рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен. Айдоочу окуя болгон жерден каза болсо, анын 35 жаштагы жүргүнчүсү ооруканага жетпей жолдон көз жумган. Азыркы учурда 2 жүргүнчүнүн абалы оор. Айрым маалыматтарга ылайык, Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери чогуу иштеген кесиптешинин атасы каза болуп, көз көрсөтүү үчүн таңга маал жолго чыгышкан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: