super.kg logo
  Саясат  

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамдын 41-беренесинин аткарылышына көзөмөл күчөтүлөт

 

Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика комитети 20-январда мамлекеттик органдар тарабынан “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамдын 41-беренесинин аткарылышы жөнүндө мамлекеттик кадр кызматынын маалыматын укту. Жыйынга мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасынын орун басары Бахтияр Фаттаховдун берген маалыматына караганда, 2014-жылы мамлекеттик органдарда кызмат адамдарынын туура эмес аракетинен улам каржылык зыян келтирилген 25 учур катталган. Жалпы зыян өлчөмү – 1 миллион 980 миң сом. “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамдын 41-беренесине ылайык, бюджетке зыян келтирген кызмат адамы чыгым ордун өзү толтурууга тийиш”,- дейт Фаттахов.

Депутат Улукбек Кочкоров “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамдын 41-беренеси мамлекеттик кызматтын кадрдык саясатын турукташтырууга багытталарын айтты. Соңунда комитет мүчөлөрү Мамлекеттик кадр кызматынын, Каржы министрлигинин, Эсептөө палатасынын алдына мыйзам талаптарын так аткаруу, республикалык бюджеттин каражатынын сарпталышына көзөмөлдү күчөтүү талабын коюп, бул маселени парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимин кабыл алышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: