super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште балдарга болгон зомбулуктун алдын алуу маселеси талкууланды

 

Бүгүн, 20-январда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинде балдарга карата болгон зордук-зомбулукту жана күч колдонуунун алдын алуу боюнча маселе каралды. Комитет жыйынына Билим берүү жана илим министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Социалдык өнүгүү министрлигинин, Эмгек, миграция жана жаштар министрликтеринин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Отурумда зордук-зомбулукка кабылып, учурда комада жаткан 2 жашар бала тууралуу сөз болду. Мындай көрүнүштөр социалдык абалы начар үй-бүлөлөрдө көбүрөөк кездешип жатканы айтылып, бир катар мисалдар келтирилди.

“Зомбулуксуз мектеп” долбоорунун алкагында түшүндүрүү иш-аракеттери аткарылып жатканы айтылды.

Депутат Карамат Орозова бул маселе боюнча чоң жыйын өткөрүү жана Балдар жана Үй-бүлө кодексине түзөтүү киргизүүнү сунуштаса, депутат Элмира Иманалиева балдарды коргоо боюнча улуттук комиссияны кайра калыбына келтирүүнү сунуштады.

Андан кийин комитеттин тиешелүү чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: