super.kg logo

Ош. Мектептердеги окуучуларды тамактандырууну өнүктүрүү боюнча семинар өтүүдө

 

Бүгүн, 20-январь күнү Ош шаарында “Кыргыз Республикасында мектепте тамактандыруу программасын оптималдаштыруу” программасынын алкагында КРнын 250 пилоттук мектептеринде тамактандырууну өнүктүрүү боюнча кеңейтилген семинар өтүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.  

Маалыматка ылайык, анда мектептерде окуучуларды тамактандырууну оптималдаштыруу долбоору жана пилоттук долбоордун 134 мектепте жүзөгө ашырылышындагы жетишкендиктер, мектептердин инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша окуучуларды тамактандыруу варианттары, ысык тамакты киргизүү тажрыйбасы жана КРда азык-түлүктөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө сыяктуу маселелер боюнча кеңири сөз болду.

Семинарга КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, БУУнун каржы маселеси боюнча өкүлдөрү, райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилери, акимдер жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчусу, балдардын тамактануусун уюштуруу боюнча адиси Салтанат Жудошева катышууда. Учурда Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептердеги 24 519 башталгыч классттын окуучулары акысыз тамактандырылат.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: