super.kg logo
  Саясат  

"Билим берүү жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору комитетте 2-окууда жактырылды

 

"Билим берүү жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды. Мындай чечимди Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети бүгүн, 20-январдагы отурумунда кабыл алды.

Мыйзам долбоорунда мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарынын камкордук кеңештери мыйзамдарга карама-каршы келбеген каржылык жана башка материалдык каражаттарды ыктыярдуу негизде тартууга укуктуулугу белгиленген. Камкордук кеңеш билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен биргеликте келерки жылда республикалык же жергиликтүү бюджеттин эсебинен жабылбай турган мекеменин керектөөсүн да аныктайт. Бул процесске мугалимдер кирбейт. Эгерде алар кире турган болсо, алардын жоопкерчилиги карала турганы долбоордо белгиленген.

Талкууда депутат Карамат Орозова азыркы тапта айрым мектептерде камкордук кеңештер жана фонддор иш алып барып жатканын айтып, экөөнүн бирөө калышы керектигин белгиледи. Демилгечи Дастан Бекешев камкордук кеңештердин курамын ата-энелер түзөрүн айтып, камкордук кеңештерин калтырууну сунуш кылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: