Ош технологиялык университетинде окутуучулардын жана кызматкерлердин спартакиадасы болуп өттү




Бүгүн, 20-январда Ош технологиялык университетинде окутуучулардын жана кызматкерлердин 14-спартакиадасы жыйынтыкталды. 11-январда старт алган мелдеште футбол, баскетбол, стол тенниси, шахмат, тогуз коргоол жана волейбол боюнча медалдар ойнотулду. Спартакиадага окуу жайдын бардык факультеттеринин, институттарынын жана колледждеринин кызматкерлери жана окутуучулары түзүлгөн командалардын курамында катышты. Бул тууралуу аталган окуу жайдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдеште командалык эсепте 1-орунду инженердик курулуш факультетинин эмгек жамааты, 2-орунду Административдик башкаруу аппаратынын кызматкерлери, ал эми 3-орунду Технологиялык колледждин эмгек жамааты ээлешти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.