super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар балдарга зомбулук көрсөткөндөргө өлүм жазасын колдонууну сунушташууда

 

"Балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүү болгон учурда өлүм жазасына мораторийди жокко чыгаруу маселесин кайрадан карап чыгуу керек". Мындай сунушту депутат Ыргал Кадыралиева Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 20-январдагы отурумунда айтып чыкты. 

Комитет жыйынында 2014-жылы балдарга карата сексуалдык зордук-зомбулук көрсөтүлгөн 10 факт катталганы маалым болду. Депутаттар буга чейин катталган фактылардын жыйынтыгы тууралуу маалыматтар коомчулукка белгисиз бойдон калгандыгын айтып, мамлекеттик органдардын биргелешкен аракеттеринин зарылдыгын белгилешти.

Талкууда ички иштер министринин орун басары Рыскул Жапаркулов өлкөдө балдардын зордук-зомбулукка кабылуусунун алдын алуу боюнча пландуу иштер жүргүзүлүп жатканын маалымдады. Анын айтымында, азыркы кезде Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй, Нарын облустарында балдар менен иштөө боюнча кошумча штаттык орундар түзүлгөн.

Социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Жекшенов зордукка кабылып, комада жаткан 2 жашар бала эч жерде каттоого алынбаганын, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү да жок экендигин айтты. Ошондой эле үй-бүлө толук камсыз болгондугуна байланыштуу мамлекеттен жардам алууга муктаж болбогонун билдирди. Жыйында зомбулуктун алдын алып, күрөшүүдө “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору иштелип чыгып, өкмөткө жолдонгондугун кошумчалады.

Жыйынтыгында аталган маселе комитет мүчөлөрү менен жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сунуш-пикирлерин эске алуу менен Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: