super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин комитети Турак жай кодексине толуктоо киргизүү демилгесин 1-окууда жактырды

 

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети бүгүн, 20-январдагы жыйынында “КРнын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун 1-окууда карап, жактырды. Баяндамачы, депутат Эсенгул Исаковдун айтымында, Турак жай кодексинин кыргыз тилиндеги вариантындагы 13-беренесинин 2-пунктундагы “мамлекеттик” деген сөз “муниципалдык” деген сөз менен алмаштырылып жатат. Анткени жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик менчиктин эмес, муниципалдык менчиктин гана турак жайын бергенге укуктуу.

Исаков турак жайларды акысыз ала тургандай норма Турак жай кодексинде көрсөтүлбөгөнүнө токтолду. 

“Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору 59-1-беренеси менен да толукталды. Ал жерде көрсөтүлгөндөй, "Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары менен майыптары" деген тизменин катарына эле "Ооган согушунун катышуучулары менен майыптары" деген жаңы тартип сунушталууда. Аларга турган үйлөрү акысыз менчиктештирилип берилиши керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: