Дамира Ниязалиева жарандар жумушка канча убакыт бөлүшсө, ден соолугуна кам көрүүгө да ошончо убакыт бөлүшү керектигин айтты
"Ден соолук-2020" стратегиясынын негизги багыттары - дени сак жашоо образын пропагандалоо, чылым чегүү, спирт ичимдиктерин колдонуудан баш тартуу жана оорулардын алдын алуу. Муну 20-январда Кыргызстанда 2020-жылга чейин калктын саламаттыгын сактоо жана бекемдөө стратегиясынын бет ачарында вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева билдирди.
"Каалаган жыйынтыктарга массалык маалымат каражаттарынын жардамысыз жетүүбүз мүмкүн эмес. Маал-маалы менен медициналык текшерүүдөн өтүп туруу зарылдыгын жарандарга жеткиришибиз абзел. Жарандар өзүнүн ден соолугун баалашы керек, окуу менен жумушка канча убакыт бөлүшсө, оорулардын алдын алуу иштерине да андан кем эмес убакыт бөлүшү зарыл",- деди вице-премьер.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

