super.kg logo
  Саясат  

2015-жылы Бажы кызматы 44 миллиард, Салык кызматы 47 миллиард салык чогултары күтүлүүдө

 

Каржы министрлиги 2015-жылы республикалык бюджетти толтуруунун негизги булагы болгон салыктар кантип чогулары тууралуу маалымат берди. 

Салыктык кирешелер – өлкөнүн Салык жана Бажы кодекстерине ылайык алынуучу салыктар жана төлөмдөр. Аларга киреше салыгы, пайдага салык, милдеттүү патенттин негизиндеги салык, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, "Кумтөрдүн" дүң кирешесине салык, мүлккө салык, кыймылсыз мүлккө салык, транспорт каражаттарына салык, жер салыгы, кошумча наркка салык, сатуудан алынчу салык, акциздик салык, жер казыналарын пайдалануу боюнча салык жана бажы төлөмдөрү кирет. 

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2015-жылга мамлекеттик бюджеттин салыктык түшүүлөрүнүн түзүмү төмөнкүдөй: 

Аталышы

2015-жыл (сом менен)

Салыктык кирешелер

92 миллиард 299 миллион 500 миң

Мамлекеттик салык кызматынын салыктык кирешелери

47 миллиард  996 миллион 400 миң

Мамлекеттик бажы кызматынын салыктык кирешелери

44 миллиард 303 миллион 100 миң 

Салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы

8 миллиард 723 миллион 600 миң

Пайдага салык

5 миллиард 226 миллион 100 миң

Милдеттүү патенттин негизиндеги салык

259 миллион 900 миң

Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык

1 миллиард 826 миллион 400 миң

"Кумтөрдүн" дүң кирешесине салык

5 миллиард 515 миллион

Мүлккө салык

1 миллиард 291 миллион 800 миң

Кыймылсыз мүлккө салык

647 миллион 100 миң

Транспорт каражаттарына салык

644 миллион 700 миң

Жер салыгы

871 миллион

Кошумча наркка салык

37 миллиард 81 миллион 700 миң

Ички продукцияга кошумча нарк салыгы

11 миллиард 241 миллион 700 миң

Импорттук продукцияга кошумча нарк салыгы

25 миллиард 840 миллион

Сатуудан алынчу салык

8 миллиард 405 миллион

Акциздик салык

6 миллиард 351 миллион 600 миң

Ички продукцияга акциздик салык

1 миллиард 603 миллион 300 миң

Импорттук продукцияга акциздик салык

4 миллиард 748 миллион 300 миң

Жер казынасын пайдалануу боюнча салыктар

1 миллиард 63 миллион 500 миң

Бажы төлөмдөрү

13 миллиард 714 миллион 800 миң






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: