Бишкекте жаза-аткаруу тутумун өнүктүрүү маселеси талкууланууда




Бүгүн, 21-январда Бишкекте Жаза-аткаруу (пенитенциардык) тутумун өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча тегерек стол өтүп жатат.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Иш-чарада Жаза-аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Советбек Арбаев, Кыргызстандагы ЕККУнун (ОБСЕ) өкүлчүлүгү, КРнын Президентинин аппаратынын, Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн өкүлдөрү катышууда.
С.Арбаев журналисттерге билдиргендей, быйыл адам укуктарын коргоого байланыштуу мыйзамдарда бир топ реформалар ишке ашырылышы күтүлөт. "Жаза-аткаруу системинде да глобалдык өзгөртүүлөр болмокчу. Алар: абактагылардын санын кыскартуу, абакка отургузуудан тышкары башка жазаларды киргизүү жана ушул сыяктуу реформалар",- деди Арбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.