super.kg logo
  Саясат  

Аида Салянованы кызматтан бошотууга макулдук берүү маселеси Жогорку Кеңеште талаш жаратты

 
"Башкы прокурор Аида Салянова парламентке келип, өз оозу менен жооп бербесе, добуш бербейбиз",- деп билдирди депутат Өмүрбек Абдрахманов Жогорку Кеңештин 21-январдагы жыйынында. Айрым депутаттар кесиптештерин президент Алмазбек Атамбаев кайрылып жаткандан кийин башкы прокурорду кызматтан алууга макулдук берүүгө чакырышты. 
Депутат Ташполот Балтабаев эл өкүлдөрүн Салянованы кызматтан кетирүүгө "каршы" добуш берүүгө чакырды. "Эмнеге биз дайыма эле жоопкерчиликсиз мамиле кылабыз? Келип, алдыбызда жооп берсин. Кечээ эле "президенттикке татыктуу" деп жаткан адамды каралап, унчукпай макулдук беришибиз керекпи? Салянованын кызматтан кетишине макулдук бербешибиз керек. Дагы иштесин",- деди Балтабаев. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: