Каныбек Иманалиев: "Аида Салянова чиновниктердин эсинен чыкпас башкы прокурор болду"
Парламентте 21-январда башкы прокурор Аида Салянованы кызматтан бошотууга макулдук берүү маселеси каралып жатканда депутат Каныбек Иманалиев башкы прокурорду сактап калууга кеч болуп калганын билдирди. Депутат башкы прокурор мыкты иштегенин белгиледи. "Коррупция менен күрөшүүдө Аида Салянова элдин, айрыкча чиновниктердин эсинен чыкпас башкы прокурор болду",- деп билдирди Иманалиев.
Автор: Автандил Добулбеков
Айта кетсек, Жогорку Кеңеш башкы прокурорду кызматтан бошотууга макулдук берди. Буга чейин Аида Салянова кызматтан кетүү боюнча өлкө башчысына арыз берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

