super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан-Катар мамилесин бекемдөөчү мыйзам долбоорлору 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

 

Жогорку Кеңеш "Кыргызстан менен Катар өлкөсүнүн ортосундагы экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" ратификациялык мыйзам долбоорун 21-январда карап, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөттү. 

Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиевдин айтымында, акыркы кезде Кыргызстан араб өлкөлөрү, анын ичинде Катар мамлекети менен кызматташтык мамилелерди жандандырууда. "Катар Кыргызстанга экономикалык инвестиция салып, бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууга, биоветеринардык лабораторияларды куруп, экологиялык жактан таза эт азыктары менен минералдык сууларды алууга кызыкдар. Азыр өкмөттөр аралык жумушчу комиссиясы иш алып барууда",- деди Касымалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: