super.kg logo

Ырчы Темирлан Мукашов Түркияда Нооруз майрамына карата өткөрүлүүчү эл аралык фестивалга катышат

 

“Алтын үн-2013” сынагынын жеңүүчүсү, ырчы Темирлан Мукашов Түркиянын Стамбул шаарында Нооруз майрамына карата өткөрүлүүчү эл аралык фестивалга кыргыз элинин салттуу музыкасын даңазалоо үчүн катышат. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 21-январда SUPER.KG порталына билдирди.

Түрк жергесинде өтүп жаткан фестивалда кыргыздын улуттук музыкасын даңазалоо үчүн патриоттук ыр аткарам. Бийчилер "Кара жорго" бийин бийлешет. Фестивалга бекер барып келүү үчүн мыкты деңгээлде даярданышыбыз керек экен. Ошондуктан кызуу даярдык көрүп жатабыз”,- дейт Темирлан Мукашов.  

Жыл сайын өткөрүлүп келген фестиваль “Түрксой” Эл аралык уюму тарабынан уюштурулат. Ага түрк тилдүү мамлекеттердин өнөрпоздору катышат. Ошондой эле фестивалга катышкан музыканттар бош убактысында дүйнөдөгү тарыхый жана кызыктуу шаар катары саналган Стамбул менен таанышышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.01.2015. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын! Кыргызстанды дуйно жузуно тааныта бер! Ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: