super.kg logo
  Саясат  

Башкы прокурор Аида Салянова кызматтан бошотулду

 

Башкы прокурор Аида Салянова кызматтан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка бүгүн, 22-январда президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти. "Өлкө башчы кол койгон жарлыктын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Салянова Аида Жеңишбековна ээлеген кызматынан бошотулду",- деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Аида Салянова 2011-жылдын 14-апрелинен бери башкы прокурор кызматында иштеп келген. 2015-жылдын 19-январында анын отставкага кетүүгө арыз жазганы расмий жарыяланып, 21-январда Жогорку Кеңеш аны кызматтан бошотууга макулдук берген. 

Башкы прокурор кызматтан кетүү себебин ачыктаган жок. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: