super.kg logo
  Спорт  

Шейшенкул Бакиров: "Эмгек сиңирген машыктыруучу" деген наамдын аброюн жоготуп алдык"

 
Шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров "Эмгек сиңирген машыктыруучу" деген наам татыктуу эмес адамдарга да берилип, өз аброюн жоготуп жатканын билдирди. "30-40 жыл иштеген деп эле бул наамды бере бербешибиз керек. Ушул жыл аралыгында наамга талапкердин спортко кандай салым кошконун, кандай чемпиондорду тарбиялаганын жакшылап карап чыгыш керек. Болбосо, тааныбай өткөрүп жиберебиз. Наамды алып, анан арак ичип жүрсө, өзүбүзгө эле сөз тийип калат",- деп кошумчалады Ш.Бакиров.  
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бүгүн, 21-январда орун алган жыйынында аталган агенттиктин массалык спортту өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Канат Арпачиев сөз алды. Ал 1963-жылдан 2015-жылга чейинки аралыкта 574 кыргызстандык машыктыруучуга "Эмгек сиңирген машыктыруучу" деген наам берилгенин айтып өттү. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.01.2015. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда Генерал,Эмгек синирген артист,ж.б.наамдар да аброюн эчак эле жоготуп алган,бул соз чыныгы таланттууларга тийиштуу эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: