Бишкектин Свердлов районунда балдарга карата зомбулуктун алдын алуу үчүн ишеним телефону ишке кирди
Бишкектин Свердлов райондук администрациясы балдарга зордук-зомбулук көрсөтүүлөрдүн алдын алуу максатында ишеним телефонун ишке киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарандардын билдирүүлөрү күнү-түнү кабыл алынмакчы. Райондук администрация тарабынан балдарга психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулук көрсөткөн фактылар, ата-энелери, туугандары же башка адамдар тарабынан алардын ден соолугуна зыян келтирүү учурлары жөнүндө кабардар болгондор төмөнкү номурларга кайрыла алышат: (0312) 53-04-16, 0555 66-00-38, 0554 40-03-92.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:29
2025-11-06
16:51
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















