super.kg logo
  Саясат  

Мамлекеттик чек араны коргоо боюнча жаңы мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди

 

Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Мыйзам долбоору боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиев баяндама жасады.

Демилге чек ара чөйрөсүндө укуктук жөнгө салууну аныктоого, андагы мамлекеттик органдардын милдеттерин жана ыйгарым укуктарын так жана даана көрсөтүүгө багытталган.

Документте чек араны аныктоо жана чек арага чектеш жайгашкан аймактарда өткөрүү жайларында чек ара пункуттарын кармап туруу боюнча жалпы базалык маселелер аныкталган.

Чек ара кызматынын башчысы чек ара жөнүндө Кыргызстанда мыйзам 1999-жылы кабыл алынып, андан бери 3-4 жолу толуктоо киргизилгенин айтып, жаңы мыйзам керектигин кошумчалады. Жыйынтыгында эл өкүлдөрү демилгени 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүштү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: