Өткөн суткада өлкөдө 6 өрт кырсыгы катталып, Аламүдүн районунда 81 жаштагы пенсионер күйүк алды

Жарандык
коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча өткөн сутка ичинде республиканын
аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү
бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда ӨКМдан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Аламүдүн
районуна караштуу Дачное айылындагы үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен үстү темир менен жабылган, барак тибиндеги турак үйдүн 240 чарчы
метр чатыры, 20 чарчы метр ички жыгач дубалы, 80 чарчы метр жыгач кире бериши жана от жагылуучу бөлмөсү толугу менен күйүп кетти. Ошондой эле батирдин ээси, 81 жаштагы Мария Баисова эки колунан күйүк жана жаракат алган. Өрттүн келип чыгуусуна меш менен мордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.
Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кочкор айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Анын кесепетинен короодо жыйылып турган жарым тонна чөп күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.