Бишкекте бензин арзандоодо, АИ-92нин баасы 41 сом 50 тыйынга түштү

Кыргызстанда бензиндин баалары төмөндөө үстүндө. 21-январга карата Бишкек шаарындагы унаага май куюучу жайларда АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 45 сом 90 тыйын, АИ-92 41 сом 50 тыйын, АИ-80 33 сом 40 тыйын, дизель майы 34 сом 90 тыйын болууда. Айрым май куюучу жайларда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46 сом, АИ-92 42 сом 40 тыйын, АИ-80 34 сом, дизель майы 35 сом 50 тыйындан сатылууда.
Мындан эки күн мурун баалар төмөнкүдөй эле:
АИ-95 - 46 сом
АИ-92 - 42 сом
АИ-80 - 34 сом 20 тыйын
дизель майы - 35 сом 40 тыйын
Айрым май куюучу жайларда:
АИ-95 - 47 сом
АИ-92 - 44 сом 40 тыйын
АИ-80 - 35 сом
дизель майы - 36 сом 50 тыйын
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

