super.kg logo
  Саясат  

Исмаил Исаков Садыр Жапаровдун китеби боюнча прокуратуранын иликтөөсүнө ишенбей турганын айтты

 

"Садыр Жапаровдун китебинде айтылгандар боюнча Башкы прокуратуранын иликтөөсүнө ишенбейм”,- деди депутат Исмаил Исаков 21-январда Жогорку Кеңеште. Жыйында Садыр Жапаровдун китебиндеги айтылган айыптоолор тууралуу прокуратуранын иликтөө иши угузулуп жаткан. Исаковдун айтымында, прокуратура иликтөөнү бир жактуу жүргүзгөн.

“Прокуратураны биз билебиз, керектүүсүн кармап, кереги жокторду кармабайт. Силер берген маалыматка эч ким ишенбейт. Анткени Садыр Жапаров китебинде бир канча жетекчинин жасаганын жазып жатат. Силер бир жактуу иликтөө жүргүзүп жатасыңар. Болбосо, Жапаровго 3 тонна алтын чыгып кетип жатканы боюнча маалымат берген УКМКнын кызматкерлеринен эмнеге маалымат алган жоксуңар?”- деп кайрылды Исаков башкы прокурордун орун басарына.

Башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмаматов маалымат берген УКМКнын кызматкерлерин Жапаров өзү да тактабай жатканын айтты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: