super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда "Мунай жана газ жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү кирди

 

Президент Алмазбек Атамбаев 20-январда "Мунай жана газ жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 17-декабрында кабыл алынган.

Өзгөртүүлөр отун-энергетикалык комплекстин ишин жөнгө салган энергетика тармагындагы ченемдик-укуктук базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында киргизилди.

Алсак, "Мунай жана газ жөнүндө" мыйзамдын 6-беренесинде жер казынасын пайдалануунун, аларды коргоонун, мунай жана газ чыккан жерлерди иштетүүнүн, ташуунун, эксплуатациялоонун жана сатуунун эрежелерин белгилөө боюнча Кыргызстандын өкмөтүнүн ыйгарым укуктары аныкталды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: