super.kg logo
  Саясат  

Дамира Ниязалиева: "Спортту массалык түрдө жайылтуу зарыл”

 

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 21-январда өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде өткөн коллегиялык жыйынга катышты. Жыйында вице-премьер агенттик жетекчилигинин жана кызматкерлеринин көңүлүн 2015-жылы каралууга муктаж болгон бир нече маселеге бурду.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте мамлекеттик-жеке өнөктүк механизми аркылуу пайдалануудагы жана курулуп жаткан спорттук жайларды сактап калуу боюнча ишти улантуу зарыл. Кеңири жайылтылган спорттук аянтчаларга жана имараттарга ээ болуу менен гана биз жарандардын көп бөлүгүн спорт менен машыгууга тарта алабыз жана аны массалык түрдө жайылта алабыз. Учурда өзгөчө айыл жергесинде жашаган жарандар спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга мүмкүндүгү жок. Албетте, көп нерсе каражатка барып такалат. Бирок айылдарда спорттук аянтчаларды куруу ишке ашырууга зарыл деп эсептелген маселелердин катарында турат",- деди Ниязалиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: