Депутат Нариман Түлеев мандатынан ажыратылды
Жогорку Кеңештеги "Ата Журт" фракциясынын депутаты Нариман Түлеев мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратылды. Мындай чечим бүгүн, 21-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынганын мекемеден билдиришти.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 23-декабрында Бишкек шаардык соту Н.Түлеевди 11 жылга эркинен ажыраткан (райондук соттун чечимин күчүндө калтырган). Аны былтыр 29-июлда Бишкектин Ленин райондук соту 11 жылга эркинен ажыраткан эле. Анын үй мүлкү конфискацияланган жана анын СИЗОдо отурган бир күнү эки күн катары эсептелери айтылган. Ошондой эле экс-мэрдин 3 жыл мамлекеттик кызматтарда иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылганы белгилүү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















