super.kg logo

“Камбаркан” фольклордук-этнографиялык тобунун жетекчилигине Нусубалы Жакыпбеков дайындалды

 

Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Ч.Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык тобунун жетекчилигине аталган топтун артисти Нусубалы Жакыпбеков дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда SUPER.KG порталына Улуттук филармониянын көркөм жетекчиси Улан Зайнидин билдирди.

Маалым болгондой, Н.Жакыпбековду бул кызматка топтун мурунку директору, КРнын Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси Саламат Садыкованын жана бүтүндөй жамааттын макулдугу менен Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору, КРнын Эл артисти Кыргызбай Осмонов дайындады.

"Ардактуу аксакалдарыбыз арка-бел болууга жараган жаштарын өздөрү көтөрмөлөп, ишти алдыга жылдырууга жол көргөзүп, акыл-насааты менен алкышын айтып, баталарын берип, ак жолго узатып жатышат",- дейт Улан Зайнидин. 

Н.Жакыпбеков 2003-жылдын 7-октябрынан тарта “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык тобунда эмгектенип келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: