super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев мамлекеттик-жеке өнөктүк боюнча мыйзам иштебей жатканын айтты

 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 21-январда Эл аралык каржылык корпорациянын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлоруна байланышкан форумуна катышты.

Кыргызстан экономикасы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашырууга өтө муктаж экенин айткан премьер өлкөдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзам үч жыл мурун кабыл алынганын белгиледи. "Мыйзам кабыл алынган соң мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору дароо баштала тургандай сезим жаралган. Бирок бүгүнкү күнгө дейре натыйжа жок",- деди Оторбаев.

Премьер-министр социалдык, билим берүү, укук коргоо жана саламаттыкты сактоо жаатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча бир катар долбоорлор бар экенин белгилеп, буларды айтты:

"Саламаттыкты сактоо тармагында демилгени жеке сектор көтөрүп, алар жеке медицинанын өнүгүүсү адистер жана имарат түрүндөгү мамлекеттик ресурстарды тартуу аркылуу мүмкүн экендигин түшүнөт. Бул тармакта томографтарды, башка жогорку технологиялык жабдууларды сатып алуу боюнча долбоорлор каралууда. Аталган долбоорлордун дизайны боюнча, кызмат көрсөтүү жеке түрдө жүргүзүлөт, бирок мамлекет өнөк катары сатып алуу жөндөмдүүлүгү төмөн кардарларды тейлөөгө өзгөчө квота бөлүп берет".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: